ММК фонду коронавирус менен катуу ооруган бейтапты дарылоо үчүн кошумча 132 миң сом төлөйт

ММК фонду коронавирус менен катуу ооруган бейтапты дарылоо үчүн кошумча 132 миң сом төлөйт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан COVID-19 оорусу курч болгон учурда бир бейтаптын дарылануусуна кошумча 132,8 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу ММК фондунун жетектөөчү адиси Болотайым Базарбаева айтып берди.

Бүгүнкү күндө ММК фонду коронавирус диагнозу тастыкталган бейтаптарды дарылоонун 5,3 миң учуруна жана байланышка чыккан адамдарга байкоо жүргүзүүнүн 6 миң учуруна төлөп берди.

Коронавирус менен ооруган бир бейтапка ММК фондунун кошумча төлөмү:

оорунун симптомсуз өтүшү — 3 миң сом;

жумшак даража — 3,5 миң сом;

орто оорчулук — 10,8 миң сом;

катуу оорчулук — 70,4 миң сом;

өтө катаалдыгы — 132,8 миң сом.

«Коронавирус пандемиясынын шартында мамлекеттик кепилдиктердин медициналык программасынын алкагында, Кыргызстанда COVID-19 менен ооруган бейтаптын жарандыгына карабастан, дарылануу акысыз жүргүзүлөт», — деп баса белгиледи Базарбаева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>