Site icon Reporter.kg

Молдовановкадагы абакта отурган соттолуучу текшерүү учурунда каршылык көрсөттү

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясында 42 жаштагы соттолуучу 7-апрелде камераларды тинтүү маалында каршылык көрсөткөнү үчүн жаза изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу мекеменин администрациясы билдирди.

Маалым болгондой, соттолгондорго убактылуу сырттан келген адамдар менен жолугууга, тамак-аш жана кийим-кече алууга тыюу салынган. Мындан улам Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү абакты барып көрүшкөн.

Борбор соттолгондордон расмий арыз түшпөгөнүн белгиледи. Бирок алар түзөтүү жайларында массалык жазалоо фактылары көбөйүп жатканынан тынчсызданууда.

Exit mobile version