Момбеков: эки дос, элиңерди топтоп чыгып кеткиле

Момбеков: эки дос, элиңерди топтоп чыгып кеткиле

“Медиа Форум” ишканасынын алдында өтүп жаткан нааразычылык акциясында депутат Рыскелди Момбеков Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин соңку аракетин сынга алып, элди экиге бөлүп жатат деп айыптады:

“Элди экиге бөлбөй, укуктук жолго, мыйзамдуу жолго, ыймандуу жолго түшкүлө. Элиңерди топтоп аянттан чыгып кеткиле” деди Момбеков.

Жеринде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, учурда “Форумда” 500дөн ашык киши топтолуп турат. Чогулгандардын арасында бүгүн премьер-министрликке сунушталган Өмүрбек Бабанов, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, Чүй облусунда губернатор болгон Туйгуналы Абдраимов жана башка саясатчылар жүрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>