Site icon Reporter.kg

Мончого кеткен бойдон дайынсыз. 32 жаштагы Улукбек изделүүдө

Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Шаршенбек уулу Улукбек изделүүдө. Бул тууралуу 28-декабрда Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, күйөөсү акыркы жолу 2-декабрда байланышкан. Анда ал мончодо экенин айтып, андан кийин дайынсыз болгон.

 Белгилери: бою 180-185 см, дене түзүлүшү калың, чачы кара.

Кийген кийими: кара куртка, кара жинсы шым, күрөң водолазка, кара өтүк.

Милиция ал кишинин жүргөн жерин билген же көргөн-билгендер болсо 0 (500) 60-70-67 телефонуна жана 102 кызматына байланышууну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version