Монголиялык ишкерлер Кыргызстандын өнүмдөрүнө кызыгышууда

Монголиялык ишкерлер Кыргызстандын өнүмдөрүнө кызыгышууда

Монголиядан келген импорттоочулар Кыргызстандан барган товарларга кызыгуусун билдиришти. Бул тууралуу инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте өткөрүлгөн онлайн-жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү болду, деп маалымдайт агенттиктин сайты.

Тактап айтканда, монголиялык импортерлор мөмө-жемиштерге, кургатылган жемиштерге жана кыргыздан чыккан балга кызыгышкан.

Бул иш-чаранын максаты Монголиядагы жана Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүү болду.

Ага 40тан ашуун адам катышты. Компаниялар, Sansar Supermarket, Nomin Tav Trad тармактарынын өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр, ошондой эле транспорттук-логистикалык компаниялар болду.

Жолугушууда жеткирүү шарттары, ошондой эле Кыргызстандан Монголияга логистикалык маселелер талкууланганы да белгилүү болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>