Site icon Reporter.kg

Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Монголия өкмөтүнүн башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды.

Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version