Site icon Reporter.kg

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келерки жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери пландалууда. Бул тууралуу элчи Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Ал сапар кайсы датага белгиленгенин айткан жок.

Эскерте кетсек, былтыр июлда президент Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барган. Анын алкагында Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылган. Аны Айбек Артыкбаев жетектеген.

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Exit mobile version