Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 2025-жылдын 20-июлунда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Анын айтымында, визиттин алкагында төмөнкү салтанаттуу жана расмий жолугушуулар мерчемделүүдө:
- Президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүү;
- Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуу;
- Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуу.
Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында:
- Кыргыз-монгол бизнес форуму өтөт;
- Эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда маданий иш-чара – концерт уюштурулат.