Монголиянын президенти пенсионерлердин насыясын кечти

Монголиянын президенти пенсионерлердин насыясын кечти

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жаңы жылдык куттуктоосунда, өлкөдөгү пенсия курагындагы насыя алган жарандардын карыздары кечириле тургандыгын билдирди. Мындай маалымат аталган мамлекеттин башчысынын расмий сайтына жарыяланды. 

«Монголиянын Коопсуздук кеңеши бардык пенсионерлердин насыяларын кечүү боюнча чечим кабыл алгандыгы мени кубандырат. Бул чечим жарандарды карыздардан куткарууга жардам берет» , — деп билдирди президент.

Монголияда учурда 380 миң пенсионер бар жана алардын жарымы насыя алгандар. 

Президенттин кайрылуусу 2020-жылда өтө турган кезектеги парламенттик шайлоо алдында жаңырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>