Site icon Reporter.kg

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Бүгүн, 20-июлда, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргыз Республикасына расмий мамлекеттик сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров салтанаттуу түрдө тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, улуттук боз үйдү чагылдырган инсталляция орнотулду. Ошондой эле ардактуу кароол тизилип, мамлекеттик деңгээлдеги кабыл алуу уюштурулду.

Улуттук кийим кийген кыздар Монголиянын Президентин кыргыздын салттуу гүл, боорсок жана бал менен тосуп алышты.

Мындан тышкары, өлкө башчыларынын урматына кыргыз жана монгол элдеринин музыкалык чыгармаларын камтыган концерттик программа тартууланды. Иш-чара кыргыз элинин бай маданий мурасын жана улуттук каада-салттарын чагылдырган салтанаттуу мүнөздө өттү.

Exit mobile version