Site icon Reporter.kg

Монополияга каршы агенттиктин башкы адиси кармалды

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган агенттиктин Ж.Н.Ы. аттуу башкы адиси президентинин администрациясынын «Жалал-Абад мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинен айрым кызматтарга прейскурантты (тариф) макулдашуу жол-жобосунан өтүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.

Тергөө жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version