Site icon Reporter.kg

Монополияга каршы кызматы Ош базарындагы бааларды текшерди

Бишкектин базарларында азык-түлүк тартыштыгы жок. Товарларды жеткирүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош базарындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлгөн. Өткөн аптада Аламүдүн базарындагы баалар да текшерилген.

Өсүмдүк майынын, эттин, ундун жана канттын баасына өзгөчө көңүл бурулду. Ишкерлердин айтымында, товарлар үзгүлтүксүз жеткирилүүдө. Азыктүлүк тартыштыгы жок, калктын ашыкча сурооталаптары жок”, — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, шаардын базарларында айрым азык-түлүк товарларына, ун менен кумшекерге болгон баа төмөндөөдө. Январь айына салыштырмалуу март айында өсүмдүк майы, кум шекер, пияз арзандаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version