Site icon Reporter.kg

Мордовияда 73 кыргыз жараны абакта отурат

Россиянын Мордовия Республикасында 73 кыргызстандык жаран абакта отурат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

29-сентябрда элчиликтин консулу Манас Жолдошбеков аталган республиканын абактарында болуп, кыргызстандык жарандар менен жолугушкан. Анда консул кыргыз жарандары менен жекече баарлашып, ар кандай маселелер боюнча, анын ичинде жаза мөөнөтүн Кыргызстандын абактарында өтөө үчүн мекенине которуу боюнча кеңештерди берген.

Ошондой эле ал Россияда жүргүзүлүп жаткан жарым-жартылай мобилизация жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чет мамлекеттеги согушка катышкан Кыргызстандын жарандарына мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы тууралуу маалымат берген.

Эскерте кетсек, 21-сентябрда Владимир Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация болорун жарыялаган. Бул өнөктүктүн алкагында запастагы 300 миң киши чакырылары айтылган. Ошол эле учурда айрым басылмалар өздүк булагына таянып, аскерге чакырыла тургандардын саны 1 млн кишини түзүшү мүмкүн экенин жазган.

20-сентябрда Мамлекеттик дума Россиянын Куралдуу күчтөрүндө бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын женилдетилген тартипте берүүнү караштырган мыйзамды кабыл алган. Ага байланыштуу Москванын мэри Сергей Собянин «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттардын Россиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, аскерге барышы үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн билдирген.

Россияда кабыл алынган мыйзамга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги билдирүү жасап, Кыргызстандын жарандарын кайсы бир согушка катышпоону, ал үчүн катуу жаза каралганын эскерткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version