Site icon Reporter.kg

Москва: Кыргыз менен чечен жарандары полицияны сабап салышты (ВИДЕО)

Орусиянын борбор калаасы Москвада кыргыз  жараны менен Чеченстандын жараны өз союлдары менен милиция кызматкерлерин сабап салышты. Полиция кызматкерлерине кол салгандан кийин күч колдонуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Жергиликтүү полициянын 11-февралдагы маалыматына караганда, окуя 9-февралда Пролетар проспектисинде жайгашкан үйдүн жанындагы балдар аянтчасында болгон. Эки киши мас абалында жергиликтүү тургундардын тынчын алып жатат деген доомат  күч органдарына келген. Мындан улам полиция чакырык түшкөн жакка келгенде, мас абалындагы эки кишини полиция унаасына отуруу талабын коюшат. Ошол маалда жаңжал башталып, кармашуу болот.

Baza Telegram каналынын маалыматына ылайык, бейбаштар Чеченстандын менен Кыргызстандын жарандары. Алар Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кол салып, өз дубинкасы менен сабашкан. Кыргызстандык кармалган, бирок орусиялык жаран качууга үлгүргөн. Бирок,  аны да ошол эле түнү кармашкан.

 

Exit mobile version