Site icon Reporter.kg

Москва районунда 3 адамдын жансыз денеси табылды

Москва районунда өрт кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Беловодское айылындагы К.Маркса көчөсүндө жайгашкан аянты 80 чарчы метр болгон турак үйдүн 12 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 2 эркек жана 1 аял киши каза болгон.

Exit mobile version