Site icon Reporter.kg

Москва Жаңы жылды майрамдоо үчүн 1,7 миллиард рубль жумшайт

Москва Жаңы жылды майрамдоо үчүн бир миллиард жети жүз миллион рубль коротот. Эсепти РБК агенттиги мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтарга таянуу менен чыгарды.

Ага ылайык, 825 миллион рубль муз аянтчаларын иштетүү үчүн шаардык парктарга берилет. Бул сумманын дээрлик жарымы ВДНХ аймагында муз аянтчасын уюштурууга жумшалат.

Шаарды жана парктарды кооздоо үчүн 562 миллион рубль талап кылынат, бул 2018-жылга салыштырмалуу бир жарым эсеге көп. Былтыр 323 миллион рубль жумшалган. Жаңы жылдык шамдалдарга акча коротулган жок, мурдагы жылдардагы каражаттар колдонулат. Эки жыл мурун Москва өкмөтү 500 миллион рублга шамдалдарды сатып алган.

304 миллион рубль концерт, жарманке жана элдик оюн-тамашаларга кетет. Бул сумманын үчтөн бир бөлүгү “Мэрдин балатысын” уюштурууга жумшалат. Фейерверк аттырууга 35 миллион, белек-бекчектерге 20 миллион бөлүндү.

Exit mobile version