Site icon Reporter.kg

Москва жана Екатеринбургдан Бишкекке кошумча авиа каттамдар ачылды

аэропорт Манас

Москва жана Екатеринбургдан Бишкекке кошумча авиа каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдарды «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы ишке ашырат. 6-апрелден баштап Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург каттамы боюнча жумасына эки жолу (шаршемби жана ишемби күндөрү) учат.

7-апрелден тарта Москва — Бишкек — Москва каттамы боюнча жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби) учат.

Exit mobile version