Москвада 12-майдан тарта өнөр жайлар менен курулуш тармактын иши жанданат

Москвада 12-майдан тарта өнөр жайлар менен курулуш тармактын иши жанданат

Москвада 12-майдан тарта өнөр жайларга жана курулуш тармагындагы ишкерликтин иштөөсүнө улуксаат берилет. Бул тууралуу онлайн жыйында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Мосвканын мэри Сергей Собянин билдирди.

«Ишкерликке улуксаат берүү менен бир топ жарандар жумуштарына чыгат. Коомдук транспорттордун саны көбөйөт, адамдар бири-бири менен баарлашат. Ошол себептен каттуу чаралар көрүлөт. Коомдук транспорттордо бет кап, кол кап тагынуу талап кылынат. Шаар ичинде жүрүүдө электрондук пропусктар күчүндө калат», — деди Москванын мэри.

Орусияда коронавирус менен жалпы 187 миң 859 адам ооруп жатат. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>