Москванын так ортосундагы ооруканадан бычакталып каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык “Москва” жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына таянып жазды.
“11-ноябрга караган түнү Шелепихинск көчөсүндөгү ооруканадан эркек адамдын бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 24 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгүн табышкан. Ал денесинен жана оң бутунан бычакталган”, — деп жазылат маалыматта.
Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, маркумга кара курткачан жана кара баш кийим кийген азият түспөлүндөгү эки адам бычак сайган. Полиция бул факты боюнча текшерүү баштаган.