Москвада 9 адамды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу акталып, Кыргызстанга келди

Москвада 9 адамды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу акталып, Кыргызстанга келди

Москвада 9 адамды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу акталып, Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Замандаш партиясынын маалымат кызматы билдиргенин «Элдик медиа» жазып чыкты.

Партиянын маалыматына караганда, Чыңгыз Анарбек уулу Россиянын аймагынан 25-июнга чейин чыкканга укугу чектелген. Азыр мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанга келип, жакындары менен жолукту.

Ошондой эле,  ал кырсыкка кабылган учурда аны колдоого алган “Замандаш” партиясынын өкүлдөрүнө келип, өзүнүн ыраазчылыгын билдирди.

Ал “Мен мекендештериме, президентибизге, өкмөт мүчөлөрүнө жана “Замандаш” партиясына чон рахматымды айтым. Мен кырсыкка кабылганда жалпы кыргыз эли колдоого алып, жардам беришти. Мен унутпайм, ар дайым аман болуңуздар”,- деп кошумчалаган Анарбек уулу.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу 2018-жылдын 16-июнунда жолдун жээгинде бара жаткан жөө адамдарды сүзүп алган. Ал муну кокустуктан болуп кеткенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>