Site icon Reporter.kg

Москвада Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши талкууланды

Кыргызстан менен Орусиянын Күрөш федерациясынын жетекчилери Акжол Махмудов менен Роман Власовдун ортосунда боло турган күрөштү талкуулашты. Бул тууралуу kyrgyzstan_wrestling “Инстаграм” баракчасына жарыяланды.

Бир күн мурун Москвада эки өлкөнүн Күрөш боюнча федерациясынын президенттери Мелис Турганбаев менен Михаил Мамиашвилинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Федерация жетекчилери Орусия менен Кыргызстандын алдыңкы балбандарынын келечектеги жолугушуусу жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов менен грек-рим боюнча дүйнөнүн эки жолку Олимпиадасынын жеңүүчүсү Роман Власовдун беттешин талкуулашты.

Белгилей кетсек, буга чейин 31 жаштагы орусиялык спортчу Роман Власов интервьюларынын биринде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен беттешүүнү каалап жатканын билдирген. Спортчулар “Инстаграмдын” түз эфиринде 2022-жылдын май айында жолугушууга макулдашышкан.

Exit mobile version