Москвада иштеп жүргөн мекендештерин тоноп, кол салган  Кыргызстандык жаран кармалды

Москвада иштеп жүргөн мекендештерин тоноп, кол салган  Кыргызстандык жаран кармалды

Москвада иштеп жүргөн мекендештерин тоноп, кол салган  Кыргызстандык жаран кармалды. Ал Орусиянын ИИМнин кийлигишүүсү менен колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Каракчылыкка шектелип кармалган жаран мурда оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Кыргызстандын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Ушул жылдын апрель айынын башында Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылып,  чала тааныш адамдар тарабынан карактап кол салынгандыгы жөнүндө билдирген.

“Баха” аттуу адам белгисиз бирөө менен Москва шаарынын чыгыш тарабында ишкерге күч колдонуп автоунаасына салып, тапанча менен коркутуп ири өлчөмдөгү акча каражатына ээ болушкан. “Баха” аттуунун өздүгү такталып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун 1977-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну болуп чыккан», — деп жазылат маалыматта.

Орусиянын мыйзамына ылайык, кармалган жаран тергөө бүткөнгө чейин Москва шаарындагы тергөө абагына камалат.

Азыркы учурда кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы же жоктугу териштирилип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>