Site icon Reporter.kg

Москвада кафеде кыргызстандыктар мушташа кетишти

Москванын борборундагы караоке-барда мушташкан Кыргызстандын алты жараны кармалды. Мигранттардын бири айып пул төлөп, мекенине депортацияланышы күтүлүүдө.

Жаңжал 21-январдын кечинде Нижегород көчөсүндө жайгашкан “Куржун” чайканасында болгон. Мушташка эмне себеп болгону белгисиз бойдон калууда. Милиция келген учурда экөө мушташып, алардын төрт шериги карап турушкан.

Алар толугу менен тергөө бөлүмгө алып келинип, окуянын чоо-жайы иликтенген.

Exit mobile version