Москвада Конор Макгрегор түнөгөн мейманкананы дагестандыктар курчап алды (видео)

Москвада Конор Макгрегор түнөгөн мейманкананы дагестандыктар курчап алды (видео)

Москвада дагестандыктар ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор түнөгөн «Ритц-Карлтон” мейманкананы курчап алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Буга Макгрегордун Хабиб Нурмагомедовго карата айткан сыны себеп болгон.

Бир нече адамдын мейманкананын сыртын курчап турганы тууралуу видео Sport24 Twitter-баракчасына жарыяланды.

“Бүгүн Конордун маалымат жыйынын уктук. Ал дагестандыктардын өзүнөн качып жүргөнүн айтыптыр. Биз «Ритц-Карлтон” мейманканасына келдик, мындагылар Конор жок деп жатат. Бирок биз анын чыгышын күтүп жатабыз”, — деп билдерген чогулгандар.

24-октябрда Конор Макгрегор Москва шаарында маалымат жыйын өткөрүп, орусиялык  мушкер Хабиб Нурмагомедовду коркок деген.

“Ал алы жеткендер менен гана мушташат. Дагестандыктардын ким экенин билебиз, алар качат, коркок. Хабиб дагы ошондой. Анын табияты ошондой, бирок менден качышы мүмкүн, бирок жашынып кала албайт”, — деген Макгрегор.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>