Site icon Reporter.kg

Москвада кордолгон кыздын апасы милицияга арыз жазуудан баш тартты

Москвада сабалган 11 жаштагы кыздын апасы укук коргоо органдарына арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2021-жылдын ноябрь айында Өзгөн районунун Чаңгет айылынын 1989-жылы туулган тургуну С.Ш., 10 жаштагы кызын неберелерин кароо үчүн Москвага эжесине жөнөткөн. Ошондон бери кызы ошол жерде.

Кызын ур-токмокко алуу фактысы боюнча апасы арыз жазуудан баш тарткан жана эч кимге дооматы жок.

Ошондой эле кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун тургуну, учурда Москва шаарында жүргөн 1974-жылы туулган М.Ш. экени такталган.

Тергөө иштери уланууда.

Москвада туугандары сабаган кыздын иши боюнча жаңы жагдайлар

Exit mobile version