Site icon Reporter.kg

Москвада кордолгон өспүрүмдү Кыргызстанга алып келүүгө бийлик киришти

Москва шаарындагы Кыргызстандын жашы жете элек жаранына байланыштуу кырдаалды Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул  туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ЖМКда кеңири тараган Кыргызстандын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө.

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышканы белгиленет. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.

Буга чейин социалдык тармакта туугандарынын ур-токмогуна кабылган кичинекей кыздын видеосу тараган. Видеону жүктөгөндөрдүн айтымында, аны алыскы туугандарынын бири Москвага баласын бактырганга алып кетип, ошол жактан зомбулукка кабылган.

Exit mobile version