Москвадагы метростанциялардын биринде кыргызстандык 22 жаштагы жигит поезддин астына боюн таштады.
Ал ооруканага жеткирилип, операция жасалып жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Назгүл Жусупакунова 7-декабрда «Азаттыкка» билдирди.
Элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирүүдө.