Москвада кыргыз жаранын пистолет менен атып кетти

Кыргызстандык жаранды Орусиянын Москва шаарында белгисиз бирөөлөр ичке атып кеткен. Бул туурасында «Московский комсомолец» жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя жекшемби күнү “Ореховым” бульварында болгон. Белгисиз бирөө кыргызстандык 30 жаштагы жаранды атып кеткен. Ал кыргыз жараны Подмосковье чөлкөмүндө дайым жашачу. Жабырлануучу бейтапканага жеткирилген. Учурда абалы оор. Орусиянын күч органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.