Site icon Reporter.kg

Москвада кыргызстандык мигрант ири суммада акча таап алып, полицияга кайрылды

Москва шаарындагы райондордун бириндеги мектепте короо тазалагыч болуп иштеген жаран таштанды салуучу контейнерден 1 миң доллар жана 80 миң рубль таап алып, полицияга кайрылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен ТАСС билдирди.

“Москванын түндүк-чыгышында жайгашкан райондогу мектепте короо тазалоочу болуп иштеген Кыргызстанда туулган жаран таштанды салуучу контейнерлерден металл издеп жүргөн. Ал контейнерлердин биринен чүпүрөк баштык таап алган. Анын ичинде 100 доллардан 10 купюра, 5 миң рублдан 15 купюра, миң рублдан 5 купюра жана дагы 50 рубль тапкан”, — деп жазылат маалыматта.

Ал табылган акчанын ээсин өз алдынча издөөгө аракет кылган. Бирок, майнап чыкпагандан улам полицияга кайрылган.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө.

Exit mobile version