Site icon Reporter.kg

Москвада кыргызстандыктын 70 миң долларын карактагандардын бири табылды

Москвада кыргызстандыктын 70 миң доллары уурдап кеткен шектүүлөрдүн бири Ингушетиянын 29 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир күн мурда бир катар маалымат агенттиктер, анын ичинде россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары “Москвада кыргызстандыктын 100 миң АКШ доллары тонолуп, ага карата эки жолу ок атылган” деген маалымат жарыяланган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү бул факты боюнча өзүнүн ыйгарымынын чегинде тиешелүү чараларды көргөн. Алынган маалыматка караганда, 28-ноябрда 102 кызматына Москва шаарынын Литовский бульварында октон жарадар болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери саат 13:40 чамасында кавказ улутундагы эки белгисиз адам тапанчага окшош буюм менен банктын филиалынын жанынан Кыргызстандын А.Т. аттуу жаранын коркутушуп, сумкага салынган 70 000 АКШ долларын тоноп кетишкенин аныкташкан. Кыргызстандын жараны А.Т. кол салгандардын артынан бара баштаганда, белгисиз адам аны көздөй бир нече жолу ок чыгарган, андан кийин алар унаага түшүп, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Окуя болгон жерден травматикалык куралдын 3 гильзасы алынган.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Маалым болгондой, кылмыш иши боюнча жабырлануучу Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунда 1992-жылы туулган Т.А., анын Россия Федерациясынын аймагында убактылуу каттоосу жок.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ингушетия Республикасынын жараны кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, айыптоо маселеси чечилип жатат.

Учурда бардык зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин бир катар  100 миң доллар уурдашканы кабарланган болчу. Жабырлануучу өзү акчаны тапканын айтууда.

Москвада кыргызстандык жарандын 100 миң долларын карактап кетишти. Видео

Exit mobile version