Site icon Reporter.kg

Москвада мигранттардын мушташы боюнча министрлик билдирүү таратты

14-апрель күнү Москвадагы «Метроном» курулуш комплексинде иштеген мигранттар мушташты. Бул тууралуу орусиялык медиа жазып чыкты.

Маалыматка караганда, курулушта иштеген Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары темирдин таңгагын бөлө албай чатакташа кетишкен. Полицияга жаңжалга катышкан 20 мигрантты алып кеткен.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, мушташка кыргызстандыктар катышкан эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version