Москвадагы миллионердин баласынын өлүмү. Сот кыргыз жаранына чечим чыгарды

Москвадагы миллионердин баласынын өлүмү. Сот кыргыз жаранына чечим чыгарды

Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, такси айдаган 22 жаштагы кыргыз жараны камакка алынган. Сот анын баш коргоо чарасын карап, чечим чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чечимди Таган райондук соту чыгарып, анда Кыргыз жараны Исламбек Акбаров 2 жылга эркинен ажыратылган. Чечим ушул жылдын 29-январында чыккан. СИЗОдо буга чейин отурганын эсептегенде алдыда дагы 7-8 ай отурат.

Белгилей кетсек, окуя 8-июлда болгон. Анда Москвадагы Фрунзе набережныйда мотоцикл менен такси унаасы кагышып, экөө тең өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кыргызстандык жигит жеңил жаракат алганы айтылган. Ал эми кыргызстандык таксистти 9-июлда Таган райондук соту камакка алган.

Каза болгон бала колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов экени аныкталган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>