Москвада полициянын өлүмү үчүн кыргызстандык жаран 18 жылга эркинен ажыратылды

Москвада полициянын өлүмү үчүн кыргызстандык жаран 18 жылга эркинен ажыратылды

Москвада полиция кызматкеринин өлүмү үчүн айыпталган кыргызстандык Нурлан Муратовду 11-февралда Москва шаардык соту күнөөлүү деп таап, 18 жылга абакка кести. Бул тууралуу анын адвокаты Алексей Толстых билдирди.

Буга чейин Алексей Толстых тергөө маалында Муратовдун күнөөсүн ырастаган далилдер табылбаганын айтып, сот аны актап чыгарына үмүттөнөрүн билдирген.

2018-жылы 3-сентябрга караган түнү Москвадагы «Курская» метросунда 23 жаштагы полиция кызматкери Андрей Райскийдин сөөгү табылган. Ал башына тийген октон каза болгону аныкталган.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси («Полиция кызматкерине кол салуу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш үчүн жалгыз Нурлан Муратов шек саналып, ал 2018-жылдын сентябрынан тартып Москвадагы №2 тергөө абагында камакта отурган.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн Нурлан Муратов 2006-жылдан бери Орусияда эмгектенип жүргөн. 2008-жылы Оренбургда орус жарандыгын алган. Акыркы жылдары жубайы жана бир туугандары менен Москвада жашап жүргөн. Жакындары ага коюлган дооматка ишенбей жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>