Москвада акыркы төрт күндө коронавирус менен ооруган адамдардын саны өстү, деп жазды Lenta.ru басылмасы.
Москвада өткөн суткада 987 адамдан коронавирус аныкталса, мурунку күнү алардын саны 972 болгон. Ал эми 12-июлда 559 адам COVID-19 инфекциясын жуктурса, 11-июлда 514 адамдан бул оору аныкталган.
Ал эми Кыргызстанда 14-июлда коронавирустун жаңы 47 учуру катталды.