Site icon Reporter.kg

Москвада жарым-жартылай мобилизациялоо аяктады

Москвада жарым-жартылай мобилизация аяктаганын мэр Сергей Собянин билдирди. Бул билдирүү анын расмий сайтында жарыяланды.

«Москва шаарынын аскер комиссарынын маалыматы боюнча, президенттин жарлыгынын жана Коргоо министрлигинин тапшырмасынын негизинде белгиленген жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча тапшырмалар толугу менен аткарылды», —  деп жазган мэр.

Собяниндин айтымында, борбордо мобилизациялангандарды кабыл алуу пункттары 17-октябрда саат 14:00дө жабылды, ал эми жашаган жерине жана ишканаларга жөнөтүлгөн чакыруу кагаздары «өзүнүн күчүн токтотот».

Собянин «мобилизация миңдеген москвалык үй-бүлөлөр үчүн чоң сыноо болуп калды, алардын аталары, күйөөлөрү жана уулдары бүгүн армияга кеткенин» моюнга алды. Мобилизациялоо боюнча милдеттерди аткаруу, анын пикири боюнча, москвалыктардын жоопкерчилигинин, парзын сезүүнүн жана патриотизмдин аркасында мүмкүн болду.

Владимир Путин 21-сентябрда эртең менен Москвада жана Орусиянын башка аймактарында жарым-жартылай мобилизация башталганын жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу андан кийин 300 миң адамды чакыруу пландалып жатканын белгилеген болчу.

14-октябрда Путин мобилизациялоо иштери аяктап жатканын, пландалган 300 миңден 222 миңге жакыны чакырылганын жарыялады.

«Менимче, эки жуманын ичинде бардык мобилизациялык иш-чаралар аяктайт», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version