Москвада Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад 24-июнда өтөт

Москвада Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад 24-июнда өтөт

Орусиянын президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадды 24-июнда өтөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта айтылгандай, Путин парадды өткөрүүгө даярдык көрүү жана коопсуздукту камсыздоо иштерин коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырган. Ал эми “Өлбөс полк” жүрүшүн өткөрүү 26-июнга пландалган.

Коронавирус пандемиясынан улам 9-майда өтө турган Жеңиш парады жана “Өлбөс полк” жүрүшү белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>