Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча элчилик үн катты

Москвада такси айдоочусу болуп иштеген кыргызстандык жарандын сабалышы боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигинен нота жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик маалымадагандай, кыргызстандык жаран сабалган окуя 18-июлда болгон. Окуядан кийин жаран элчиликке кайрылган эмес.

«Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, элчилик тараптан жабыркаган Кыргызстандын жаранын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштери башталган. Учурда элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик аталган окуя боюнча жабыркаган кыргызстандыктын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында тиешелүү иштер көрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, элчилик Россиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жөнөткөн.

«Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүнө алынды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Москвада кыргызстандык такси айдоочусун жүргүнчү бетке уруп, сабаганы тартылган видео тараган. Окуядан кийин кыргызстандык жаран полицияга кайрылганы, бирок алар тиешелүү чара көрбөй жатканы кабарланган.

Москвада кыргызстандык таксистти жүргүнчү сабап салды — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version