Site icon Reporter.kg

Москвадагы метролордо кыргызча жарыялар пайда болду

Москвада метролордо кыргызча жарыялар пайда болду. Мындай сүрөттү Facebook колдонуучулары жарыялоодо.

Жарыяда 12-майдан тарта коомдук транспортто сөсүз түрдө беткап жана колкап кийип жүрүү керектиги жазылган. Эреже сактабагандарга айып пул салынары эскертилген.

«Москва Кыргызстандын борборуна айланып бараткандай. Коомдук жайларда орусча, англисче гана жазууларды көрчүбүз, эми кыргызча дагы жарыялар чыгууда», — деп жазышкан Facebook колдонуучулары.

 

Exit mobile version