Site icon Reporter.kg

Москвадагы «Өлбөс полктун» чоң гала-концертинде кыргызстандыктар ырдайт

Москвадагы «Өлбөс полктун» чоң гала-концертинде кыргызстандыктар Тимур Кожобеков менен Миран Жанарбаев ырдашат. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйүнүн өкүлдөрү билдирди.

Алардын айтымында, 2022-жылдын 9-майында Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөө күнү Москвада «Өлбөс полк» эл аралык сахнасынын музыкалык дебюту болот. Иш-чара Максим Горький атындагы борбордук маданият жана эс алуу паркында өтөт.

2019-жылдын күз айларында бул иш-чараны «Россиянын өлбөс полку» ООДдун теңтөрагасы, СССРдин эл артисти Василий Лановой демилгелеп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн чыгармачыл делегацияларды Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка Орусиянын борборуна келүүгө чакырган. Анда пандемиядан улам болбой калган.

Концерттик программага катышуу үчүн дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан да чыгармачылык жамааттар жана аткаруучулар чакырылган.

Exit mobile version