Москвадагы парадга Улуттук гвардиянын жоокерлери да катышат

Москвадагы парадга Улуттук гвардиянын жоокерлери да катышат

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жоокерлери Москвадагы Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлайт.

Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары 1945-жылдагы совет элинин фашисттик Германияны жеңгендигинин урматына арналган Кызыл аянттагы юблейлик парадга экинчи жолу катышуу үчүн, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн татыктуу көрсөтүүгө даярданышууда.

Гвардиянын жоокерлери карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон эмес. Жоопкерчиликти талап калган маанилүү иш-чарага – күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылар тандалып, санитардык талаптарды сактоо менен күн сайын параддык жүрүштүн элементтерин иштеп чыгышкан.

Москва шаарына учуунун алдында бардык аскер кызматчылар коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучун жок кылуу максатында ПЦР анализ тапшырышат. Гвардиячылар Москвага баргандан кийин парадка катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам 9-майда өтпөй калган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад 24-июнда өтөрү белгилүү болгон. Парадга президент  Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>