Site icon Reporter.kg

Москвадагы «Сахарово» борборунда канча кыргызстандык кармалып турганы айтылды

Москвадагы «Сахарово» борборунда 124 кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, 24-июнга чейин эле 84 жаран Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Тышкы иштер министрлиги борбордо кыргыз жарандарын кордоо фактылары такталбаганын белгилейт.

Белгилей кетсек, буга чейин «Сахарово» борборунда мигранттарга күч колдонуу, кордоо болуп жатканы кабарланган.

Exit mobile version