Site icon Reporter.kg

Москвадан 378 кыргызстандык кайтып келди

17-майда Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Элчиликтин маалыматына караганда бүгүнкү каттам менен уча тургандардын тизмесине кош бойлуу аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган курактагы жана балалуу адамдар кирген.

Кыргзстандын өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы айтылат маалыматта.

Exit mobile version