Site icon Reporter.kg

Москвада кароосуз калган төрт ымыркай Кыргызстанга кайтарылды

Эмгек министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган он айлыктан эки жашка чейинки төрт баланы Москвадан алып келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Ымыркайларды алып келүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулган.

Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөргө бириктирүү жана баланы социалдык, медициналык, психологиялык, укуктук жактан колдоо маселелерин камтыган кырдаалга жалпы баа берүү иштерин жүргүзөт.

Эмгек министрлиги  балдарды кайтарып келүүгө жардам берген Россиянын камкорчулук органдарына, өлкөнүн консулдук кызматтарына, ошондой эле балдарды кайтаруу учурунда коопсуз ташуу жана кам көрүүнү камсыз кылган катышуучуларга терең ыраазычылык билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version