Site icon Reporter.kg

Муфтий айымдарга Жапаровдун атынан жоолуктарды тапшырды  

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев 15-августта Бишкек шаарындагы мечиттердин биринде айымдарга президент Садыр Жапаров тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аялзатынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча айтып, муфтияттын алдындагы окуу борбору атайын сабактарды өткөрүп жаткандыгын билдирди.

Саамалыкка Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version