Site icon Reporter.kg

Муфтий Замир Ракиев кызматынан кетти (видео)

Замир Ракиев Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинен кетти. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге муфтият тактады.

Замир Ракиев өз калоосу менен арыз жазып, аны бүгүн Аалымдар кеңеши кабыл алды.

Муфтийдин милдетин убактылуу биринчи орун басары Самидин  Атабаев аткарат.

Замир Ракиев 2021-жылдан бери Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгын жетектеп келет. Ал 48 жашта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version