Муфтийликке 8 талапкер арыз берди. Көпчүлүгү казылар менен Аалымдар кеңешинен

Муфтийликке 8 талапкер арыз берди. Көпчүлүгү казылар менен Аалымдар кеңешинен

17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алуу жыйынтыкталып, кызмат орун үчүн 8 талапкер ат салышат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берди. 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өтөт.

Талапкерлер:

  1. Нурбек Токтогулов;
  2. Сайдамир Жээналиев;
  3. Султанали Гапуров;
  4. Убайдулла Сарыбаев;
  5. Шүкүр Исмаилов;
  6. Шакир Маматов;
  7. Нематилла Жээнбеков;
  8. Ниязали Арипов.

Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырса, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>