Муфтият битир-садаканын өлчөмүн бекитти

Муфтият битир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2020-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти.

Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 кг 600 гр буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 35 сомдон эсептелди.

Ошондой эле, битир садака буудайдан башка ун, мейиз, арпа, курма менен да өлчөнөт. Мусулмандар жогорудагы азык-түлүктөрдүн суммасына жараша каалаганын тандаса болот. Муктаждарга көбүрөөк жардам берүүнү каалагандарга чек коюлбайт.

Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>