Муфтият: Быйыл битир-садага жылдагыдан аз топтолду – сүрөт

Муфтият: Быйыл битир-садага жылдагыдан аз топтолду – сүрөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жыл сайын чогултулуучу битир-садаганын бир бөлүгүн муктаждарга таратып берди. Бул тууралуу Муфтияттын  басма сөз кызматы кабарлады.

Таратуу иш-чарасына Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев баштаган Муфтияттын кызматкерлери катышкан.

Замир каары Ракиев быйыл пандемияга байланыштуу өткөн жылга салыштырмалуу садага-битир аз топтолгонун белгилеген.

Ал чогулган акча каражаттары  жарандардын социалдык абалын эске алуу менен түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен 3 топко бөлүнүп таратыла турганын баса белгиледи.

Быйыл муфтиятка 300дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган. Биринчи этаптта 70 жаранга битир-садага таратылган.

Коронавирустан улам битир-садага алуу үчүн келгендер, байланышты азайтуу максатында тизменин негизинде кезек-кезеги менен үч топко бөлүнөт.

  • Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга — 2500 сом, 10 килограмм ун;
  • Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 2 миң сом, 10 килограмм ун;
  • Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга — 1500 сом, 10 килограмм ун.

Жалпы жолунан өлкө боюнча 2020-жылы битир-садагадан 9 млн 595 миң 528 сом жыйналган. Бул каражаттын 40 пайызы 4, 035 763 сом Муфтияттын эсептик счетуна келип түшкөн.  Ал эми 50 пайызы 4, 790 804 жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы 944020 сому облустук казыяттарда калган.
[su_image_carousel source=»media: 31211,31212,31213,31214,31215,31216,31217,31218,31219″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>