Site icon Reporter.kg

Муфтият быйыл Орозо айы качан башталарын айтты

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйыл Орозо айы качан башталарын расмий билдирди.

Маалым болгондой, быйыл ыйык Орозо айы 23-мартта башталат. 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окула баштайт.

«Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: «Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле» — деп буйруган», — деп билдирет муфтият.

Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Орозого чейин төрт анализди сөзсүз тапшыруу керек, — дарыгер

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version