Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасы Рамазан айындагы фитр-садака берүүнүн өлчөмүн аныктады.
Эскертүү: Садака-фитр берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.
«Баалардын туруксуздугуна байланыштуу фитр-садака берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз», — деп кошумчалашты Муфтияттан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо айы 13-апрелде башталат.